Канат Исаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.
Парламенттин кезексиз жыйынында төраганы шайлоо үчүн жашыруун
шайлоо уюштурулуп, 80 депутат катышты. Айрымдары ишеним кат аркылуу.
Исаевдин талапкерлигине 78 депутат «макул» болсо 2 депутат «каршы» добуш берди.
Белгилеп кетсек, Канат Исаев Жогорку Кеңештин төрагалыгына жалгыз талапкер болду..