Бишкекте “Ынтымак 2” сейил багын куруу уланууда.
Мэриядан билдиришкендей, анда чоң фонтан, амфитеатр жана сейилдөө аянтчасы болот.
Учурда көк майсан болчу жер 70 пайызга даяр. Иштер түштүк-батыш тарапта уланууда.
Сейил багынын жалпы аянты дээрлик 8,5 гектарды түзөт. Анда тротуар,
спорттук аянтча жана унаа токтотмолору да болот.