Ишенимдүү жана сапаттуу уюлдук телефондор аныкталды

Ишенимдүү жана сапаттуу уюлдук телефондор аныкталды. lenta.ru басылмасы билдиргендей, HMD Global компаниясы чыгарган Nokia брендиндеги девайстар эң ишенимдүү аппараттардын сап башында турат. Экинчиде OnePlus бренди жайгашса, үчүнчүдө Samsung турат. Ошондой эле алдыңкы мыктылардын катарында Xiaomi, Realme, Huawei, Lenovo, Oppo, Vivo жана LG бар. Рейтинг түзүүдө Android… Кененирээк…

Базар-Коргон районунда жаңы мектеп пайда болот

Базар-Коргон районунда жаңы мектеп пайда болот. Билим берүү мекемеси 225 окуучуга чакталат жана ал Жон айылында курулууда. Долборду ишке ашырууга 58 миллион сомдон ашык каражат которулду. Объектини кийинки жылдын сентябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Кыргызстанда калктын 24 пайызына электр энергиясы жеткиликтүү эмес

Кыргызстанда калктын 24 пайызына электр энергиясы жеткиликтүү эмес. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, дээрлик өлкө боюнча электр станцияларына кошулган, бирок бардыгы туруктуу негизде эмес. Андыктан калктын 5/1 бөлүгү үйлөрдү жылытууга жана тамак-аш даярдоого көбүнчө табигый отунду жана ар түрдүү технологияны колдонуп келишет.

ЖЭБдеги кырдаалдын жаралышына эмне себеп болгонун экспертиза иликтейт

ЖЭБдеги кырдаалдын жаралышына эмне себеп болгонун экспертиза иликтейт. Бул тууралуу Жылуулук энерго борборунун жетекчиси Андрей Воропаев билдирди. Эске салсак, кечээ объектиде адаттан тышкаркы кырдаал катталды. Кабелдик линияда мүчүлүштүк жаралгандыктан, аварияга каршы клапандар иштеп кетти, андан кийин жабдуулар ашыкча бууларды бөлүп чыгарды. Станциядан эч кандай түтүн… Кененирээк…

Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт

  Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт. “Түндүк электр” иш   канасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Төрөкул Айтматов, Веселая, Жалил, Осмонкул, Суворов, Разина, Юнусалиев, Карасаев, Арасанск көчөлөрүндө, Кара-Жыгач, Рухий-Мурас, Ак-Босого, Арча-Бешик жана Дордой 2 конуштарында электр энергиясы жок болот. Убактылуу чектөө оңдоо иштерине… Кененирээк…

Мектептеги ысык тамактан үнөмдөлгөн каражатты дезинфекциялоо иштерине бөлүү сунушталууда

Мектептеги ысык тамактан үнөмдөлгөн каражатты дезинфекциялоо иштерине бөлүү сунушталууда. Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин айтымында, мектеп окуучулары биринчи чейректи онлайн режиминде окугандыктан ысык тамакка кеткен 180 миллион сомду үнөмдөөгө мүмкүн болду. Бейшеналиев белгилегендей, экинчи чейректен тартып окуучуларды парталарга кайтаруу үчүн сунуштама  Республикалык штабга жана Саламаттык… Кененирээк…

Кыргызстанда 2-чейректен баштап мектептер ачылышы ыктымал

Кыргызстанда 2-чейректен баштап мектептер ачылышы ыктымал. Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев билдиргендей, аймактардагы мектептер локалдуу каралат. Мектептерди ачуу үчүн жергиликтүү бийликтин жана Санэпидемкөзөмөл борборунун уруксаты керек. Эпидемиологиялык кырдаалы туруктуу эмес жана курч болгон аймактардагы билим берүү мекемелери ачылбайт. Каникулдан кийин кырдаал турукташса, мектептерде окутуу башталат,… Кененирээк…

Окуучулар үчүн каникулдун мөөнөтү айтылды

Окуучулар үчүн каникулдун мөөнөтү айтылды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, мектептерде 2-ноябрдан 10-ноябрга чейин эс алуу болот. майрам күндөрү эс алуу күндөрүнө туура келсе, эс алуу күнү майрам күндөрүнөн кийинки алгачкы жумуш күнүнө жылдырылат. Күзгү каникулдун мөөнөтү ушул күндөрдү эске алуу менен түзүлдү.