Ветеринария жана фитосанитария коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов камакка алынды

Ветеринария жана фитосанитария коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, ал ведомство бөлүм башчылары жана лаборатория жетекчиси менен коррупциялык схема түзүп алган деп шектелүүдө.   Эсеп палатасынын аудитинин жүрүшүндө бруцеллёзго каршы вакцина сатып алуу… Кененирээк…

Жорди Гомес 56 метрден фантастикалык гол киргизип Европа Лигасында рекорд жаратты

Кипрдик “Омония” клубунун жарым коргоочусу Жорди Гомес 56 метрден фантастикалык гол киргизип Европа Лигасында рекорд жаратты. Гомес айып соккусун жаратып жатып нидерланддык клубдун голкипери Ивон Мвого дарбазадан чыгып кеткенин байкаган. 35 жаштагы футболчу розыгрыштын ордуна дал келген гол киргизип мелдештин эсебин ачты. Муну менен ал… Кененирээк…

Араван жана Ноокат райондорунда жаңы бала бакчалар пайда болду

Араван жана Ноокат райондорунда жаңы бала бакчалар пайда болду. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинен билдиришкендей, объектилер Сүткор жана Улуу Тоо айылдарында курулду. Аларга 3 миллион 820 миң сом сарпталды. Каражат жергиликтүү бюджеттен жана жергиликтүү тургундардан чогулду.

Улуттук банк кезектеги ирет каржы рыногуна чыкты

Улуттук банк кезектеги ирет каржы рыногуна чыкты. Башкы каржы мекемесинин сайтында айтылгандай, кечээ өлкөдөгү доллардын курсун турукташтыруу максатында 42 миллион 400 миң доллар сатылды. Муну менен Улуттук банк жыл эсебинен 15-ирет интервенция өткөрдү. Белгилеп кетсек, сатууларга Кыргызстанда америкалык валютанын куну 82 сомго жакындап калганы себеп… Кененирээк…

Бишкекте 21 жаштагы аял 3 эм төрөдү

Бишкекте 21 жаштагы аял 3 эм төрөдү. Ымыркайлар кечээ Эне жана баланы коргоо борборунун перинаталдык борборунда жарыкка келишти. Үчөө тең эркек. Р биринин салмагы 2 килограммдан жогору. Учурда балдардын абалы канааттандыраарлык. Эненики туруктуу. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 3 же андан ашык бала бир учурда төрөлсө ар… Кененирээк…

Лионель Месси Чемпиондор лигасында “Ювентустун” дарбазасына гол киргизип мелдештин тарыхындагы ийгиликти жаратты

Аргентиналык “Барселонанын” форварды Лионель Месси Чемпиондор лигасында “Ювентустун” дарбазасына гол киргизип мелдештин тарыхындагы ийгиликти жаратты. Турнирдин “Твиттердеги” баракчасында айтылгандай, топтук этапта Месси футболчулардан алгачкылардан болуп 70 топ көрсөткүчүнө жетти. Эске салсак, оюнда “Барселона” 2:0 эсебинде жеңишке жетти. Месси голдук ассист берди.

1 сомдук купюра өз наркынан 1,5 миң эсе кымбат сатылууда

1 сомдук купюра өз наркынан 1,5 миң эсе кымбат сатылууда. Россиялык интернет-аукционунда бир сомдук купюра сатыкка коюлду. 1999-жылы жарык көргөн банкнотанын баштапкы баасы 1,5 миң рубль деп бааланууда. Купюра 7 нөлдөн турган серияга кирет, бирок анда «Үлгү» деп жазылган эмес. Улуттук банктан белгилешкендей, сериялык номери жети… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 425 адам коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда дагы 425 адам коронавирустан айыгып чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, сакайгандардын басымдуу бөлүгү Бишкекке, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына туура келет. Ушуну менен өлкө боюнча 49 миң 522 адам вирусту жеңип чыкты.

Талас облусунда сарайдын жанынан пеликан табылды

Талас облусунда сарайдын жанынан пеликан табылды. Куш уча албайт. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар мамлекеттик экотехинспекциясына билдиришкен. Кызматкерлер канаттууну алып кетишти, эми аны “Бугу-Эне” реаблитациялык борборуна өткөрүп беришет. Адистердин маалыматы боюнча, биздин өлкөнүн үстүнөн пеликандын эки түрү учуп өтөт. Экөө тең кызыл китепке кирген. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди

Жалал-Абад шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди. Калаа мэриясынын маалыматына караганда, коомдук тамактануучу жайлар белгисиз мөөнөткө чейин кечки саат 8ден кийин иштебейт. Бирок буйрутмаларга тыюу киргизилген жок. Ошондой эле унаа базары, тойканалар, интернет клубдар, бильярд залдарынын ишмердүүлүгү белгисиз убакытка чейин токтотулду. Базарларда жарандардын бет кап тагынышы… Кененирээк…