ЖЭБдеги кырдаалдын жаралышына эмне себеп болгонун экспертиза иликтейт

ЖЭБдеги кырдаалдын жаралышына эмне себеп болгонун экспертиза иликтейт.

Бул тууралуу Жылуулук энерго борборунун жетекчиси Андрей Воропаев билдирди.

Эске салсак, кечээ объектиде адаттан тышкаркы кырдаал катталды.

Кабелдик линияда мүчүлүштүк жаралгандыктан, аварияга каршы клапандар иштеп кетти,

андан кийин жабдуулар ашыкча бууларды бөлүп чыгарды. Станциядан эч кандай түтүн жана өрт чыккан жок.

Жаралган кырдаалга байланыштуу бир нече саат миңдеген шаар тургундарынын үйлөрүнө жарык жана

жылуулук берилген жок. Жети сааттан кийин гана электр энергиясын берүү калыбына келтирилди.

Учурда ЖЭБ кадимки режимде иштеп жатат.