Бишкекте бүгүн кечинде нөшөрлөгөн жаан жаайт

Бишкекте бүгүн кечинде нөшөрлөгөн жаан жаайт.

Мындай алдын ала болжолдоону синоптиктер беришти. Учурда абанын табы +19га чейин жогорулаганы менен,

кечки саат 6га жакын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жеткен шамал болот. Ал эми эртең

ордо калаада кайрадан күн чыгып, жылуу болот. Бирок жылуу кийимдерди толук жыйнабай туруу сунушталат.

Метеорологдордун божомолуна ылайык, кийинки жумада кар жаап, өтө катуу эмес суук болот.