Кыргызстанда 2-чейректен баштап мектептер ачылышы ыктымал

Кыргызстанда 2-чейректен баштап мектептер ачылышы ыктымал.

Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев билдиргендей,

аймактардагы мектептер локалдуу каралат. Мектептерди ачуу үчүн жергиликтүү

бийликтин жана Санэпидемкөзөмөл борборунун уруксаты керек.

Эпидемиологиялык кырдаалы туруктуу эмес жана курч болгон аймактардагы

билим берүү мекемелери ачылбайт. Каникулдан кийин кырдаал турукташса,

мектептерде окутуу башталат, — деп белгиледи министр.