Президенттикке талапкерлерди жылдыруу этабы жыйынтыкталды

Президенттикке талапкерлерди жылдыруу этабы жыйынтыкталды. БШКдан билдиришкендей, 14-ноябрга карата 65 арыз келип түштү. Алардын көбү коммерциялык эмес уюмдарда иштегендерди түзөт.

 

Тизмеде ошондой эле, убактылуу жумушу жоктор, мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар жана пенсионерлер бар.

 

Талапкерлердин жаш курагы 35тен 65ке чейин.

 

Кийин 9 талапкер кыргыз тилин билүү тууралуу сертификатын тапшырган эмес, ал эми үч адам соттолгон болуп чыкса, алтоо өз эрки менен президентикке жарыштан чыкты. Муну менен учурга карата талапкерлердин саны 47ни түзөт. Мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор   10-январда өтөт.