Мас болуп калган тыйын чычкандар менен видео интернетте популярдуу болууда

Мас болуп калган тыйын чычкандар менен видео интернетте популярдуу болууда. Миннесота штатынын тургуну эс алуу багындагы тыйын чычкандарга алмурут алып келип берген.

 

Аны жеген жаныбарлардын көзү тумандап, ары бери жыгылып, баса албай калган. Көрсө, алмурут көптөн бери жер төлөдө сакталып, ачый баштагандыктан, ушундай реакция берген.

 

Бул видео 2 миллиондон ашык көрүү топтоду. Тыйын чычкандардын абалы жакшы, ошол эле тургун эртеси дагы аларга тамак алып барып берип, баштарын жазфп берди.