Коронавируска каршы россиялык вакцинанын натыйжалуулугу 95 пайызды түздү

Коронавируска каршы россиялык вакцинанын натыйжалуулугу 95 пайызды түздү.   Түз инвестициялар фондунан билдиришкендей, ыктыярчыларга вакцинаны сайгандан 42 күн өткөндөн кийинки жыйынтыгы боюнча, анын натыйжалуулугу  95 пайызды көрсөттү.   Россиянын “Sputnik-V” вакцинасынын эки дозалык баасы чет мамлекеттердеги кардарларга 20 долларга сатылса, өлкө жарандарына акысыз сунушталат.

Президенттик шайлоолордо Россияда 12 тилке ачылат

Президенттик шайлоолордо Россияда 12 тилке ачылат.   Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган өлкөдөгү мекендештер өздөрүн tizme.gov.kg сайты аркылуу өз тизмесин тактап алышы керек.   Тизме жана добуш берүү боюнча Кыргызстандын Россиядагы элчилигине, консулдуктарга кайрылууга болот. Эске салсак, 10-январда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик… Кененирээк…