Алай районунда социалдык шаарча курулууда. Ош облусундагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анда 64 аз камсыздалган үй-бүлө жайгаштырылат. Аларды тандоо үчүн атайын комиссия түзүлөт.
Артыкчылык жалгыз бой энелерге берилет. Үйлөрдө бардык шарттар каралат. Ал эми шаарчанын жанында тигүү цехин куруу пландалууда.