Бишкекте кинотеатрлар 1-декабрдан тарта ачылат

Бишкекте кинотеатрлар 1-декабрдан тарта ачылат. Бул тууралуу 24 агенттигине мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди. Анын айтымында, тиешелүү чечим Республикалык штабга жөнөтүлүп, алар дагы өз кезегинде уруксат берди.

 

Бирок залдар 50 пайызга гана толтурулуп, санитардык талаптар сакталышы керек. Сан.нормалар боюнча атайын алгоритм иштелип чыкты, — деди Түлөбаев. Эске салсак, өлкөдө кинотеатрлар марттан баштап жабык турат.