Таласта оорукананы куруу боюнча аткарылган иштердин баасы атайлап жогорулатылган

Таласта оорукананы куруу боюнча аткарылган иштердин баасы атайлап жогорулатылган. Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, капиталдык курулуш башкармалыгынын адиси менен жеке компаниянын жетекчиси коррупциялык схема түзүп алган.

 

Мыйзамсыз аракеттерден 900 миң сомго зыян келтирилди. Кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу бересеси менен кылмыш иши козголду.

 

Компаниянын директору камакка алынды. Иштин экинчи катышуучусу учурда ооруканада, бирок укук коргоо органдарына өзү келүүгө милдеттүү.