Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Ализа Солтонбекованын талапкерлиги каралууда

Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңеш Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Ализа Солтонбекованын талапкерлиги боюнча өкмөттүн сунушун карап жатат. Сунуш кызматтан убактылуу четтеген премьер-министр Садыр Жапаровдон түшкөн. Сунуштама тууралуу өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков депутаттарга баяндап, Ализа Солтонбекова тууралуу маалымат берди. Ализа Султанбекова буга чейин эмгек… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 455 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 455 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 111, Ошто 66, Чүйдө 68, Таласта 2, Нарында 13, Ысык-Көлдө 63, Жалал-Абадда 56, Баткенде 46 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 62 миң 48ди түздү.

Улуттук банк кайрадан интервенция өткөрдү

Улуттук банк кайрадан интервенция өткөрдү. Бул ирет өлкөнүн башкы каржы мекемеси 1 миллион 600 миң доллар сатты. Бул ай башынан берки жетинчи каржылык операция болуп калды.   Доллар курсунун серпилүүсү 2 айдан бери уланууда. Бирок Улуттук банктын аракеттери жыйынтык бере элек. Учурга карата ордо калаанын… Кененирээк…

Ноокат районунда мамлекеттик бала бакчаны 60 миң сомго сатып салышканы аныкталды

Ноокат районунда мамлекеттик бала бакчаны 60 миң сомго сатып салышканы аныкталды. Бул тууралуу Генералдык прокуратуранын басма-сөз кызматынан билдиришти.   Имарат жери менен кошо сатылган. Ал эми текшерүүдө белгилүү болгондой, бала бакчанын базар баасы 4 миллион сомдон ашат. Тергөө жүрүүдө.

Кыргызстанда азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын баасы бир жылда дээрлик 10 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын баасы бир жылда дээрлик 10 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, барынан дагы сарымсактын баасы кескин көтөрүлдү – 1,5 эсеге, кумшекер 28 пайызга жана өсүмдүк майы 25 пайызга. Ал эми мөмө-жемиштер 17 пайызга кымбаттаса, эт… Кененирээк…

Бай адам болуу бир замат

Бай адам болуу бир замат. Буга АКШнын тургуну ынанды. Эркек шоколад суусундугун ичкиси келип, жол боюндагы дүкөндөрдүн бирине кирет. Андан лотерея билетин капысынан көрүп калып, бирди ала чыгат.   Билет ага жарым миллион доллар алып келди. Бактылуу эркек азырынча акчасын кайда жумшай тургандыгын чече элек.

Күйүп кеткен Генпрокуратуранын мурдагы имаратына Бишкек депутаттары жайгашат

Күйүп кеткен Генпрокуратуранын мурдагы имаратына Бишкек депутаттары жайгашат. Бул тууралуу 24 агенттигине ордо калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.   Анын айтымында, имаратты калыбына келтирүүгө тендер жарыяланат. Анда депутаттардан тышкары, айрым муниципалдык ишканаларды жайгаштыруу пландалууда. Эске салсак, Бишкектин борборунда орун алган Генералдык прокуратуранын имараты… Кененирээк…

Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү

Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү. Россиянын биздин өлкөдөгү элчилигинен билдиришкендей, 8 миллион долларлык гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча чечим кабыл алынды.   Каражатка аз камсыздалган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында 9 миң тонна азык-түлүк сатып алынды. Бүгүн Бишкекте ун жана өсүмдүк майы тапшырылып,  андан соң региондорго бөлүштүрүлөт.

Ар кандай экономикалык ишмердүүлүктү жандантуу суроосун жергиликтүү бийлик өзү эле чече алат

Ар кандай экономикалык ишмердүүлүктү жандантуу суроосун жергиликтүү бийлик өзү эле чече алат. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. Штабдын отурумунда кинотеатр жана башка мекемелерди  ачуу суроосу көтөрүлдү.   Андан улам, өкмөт 1-декабрдан тарта жергиликтүү бийликке карантиндик чектөөлөрдү алуу укугун ыйгарат.   Чечимдер бардык санитардык нормалардын сакталышы… Кененирээк…

Конституция жөнүндө мыйзам долбооруна лингвистикалык экспертиза жүргүзүлөт

Конституция жөнүндөгү мыйзам долбооруна жана Конституциялык кеңешме иштеп чыккан сунуштарга лингвистикалык экспертиза жүргүзүү максатында эксперттик топ түзүлдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынан кабарлашты. Мындай буйрукка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон.   Абдыкадыр Султанбаев — Жогорку Кеңештин аппаратынын лингвистикалык экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы, эксперттик топтун… Кененирээк…