Жеке жана индивидуалдык ишкерлерде электрондук кол тамга алууга бир айдан ашыгыраак убактысы калды

Жеке жана индивидуалдык ишкерлерде электрондук кол тамга алууга бир айдан ашыгыраак убактысы калды. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, салык төлөөчүлөрдүн бул категориясы отчетторду электрондук түрдө өткөрүүгө өтөт.   Юридикалык жана физикалык жактар, ошондой эле жеке ишкерлер акысыз электрондук кол тамгасын “Инфоком” мамлекеттик ишканасынан ала алат.

2021-жылы президенттик жана парламенттик шайлоолорго 850 миллион сом талап кылынат

2021-жылы президенттик жана парламенттик шайлоолорго 850 миллион сом талап кылынат. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирди.   Анын айтымында, бул каражат кийинки жылдын бюджетине киргизилген эмес. Анткени, эки шайлоо тең пландаштырылган эмес. Президенттик шайлоолор мөөнөткө чейин болуп атса, Жогорку Кеңеш депутаттары быйыл шайланмак.… Кененирээк…

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү. Коңшу өлкө өпкөнү жасалма дем алдыруучу 400 аппарат жана эки миллион беткап берип жиберди. Жүк атайын унаа менен жеткирилет. Жардамдын баасы 1 миллион долларга чукулдайт.   Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстан башчысы Шавкат Мирзиёев кыргыз элине экономикалык… Кененирээк…

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп Ализа Солтонбекова дайындалды

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп Ализа Солтонбекова дайындалды. Анын талапкерлиги премьер-министр тарабынан сунушталып, парламентте колдоо тапты.   Солтонбекова 2018-жылдан бери эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп эмгектенген. Ал эми буга чейинки министр Улукбек Кочкоров өз каалоосу менен иштен кеткен.

Атактуу футболчу Диего Марадона каза болду

Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона каза болду. Бул тууралуу аргентиналык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 60 жаштагы спортчунун жүрөгү токтоп калганы кабарланууда.   Ал ушул айдын башында Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.   Диего Марадона Аргентинанын футбол боюнча курама команданын оюнчусу, дүйнөнүн чемпиону… Кененирээк…