Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү. Коңшу өлкө өпкөнү жасалма дем алдыруучу 400 аппарат жана эки миллион беткап берип жиберди. Жүк атайын унаа менен жеткирилет. Жардамдын баасы 1 миллион долларга чукулдайт.
Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстан башчысы Шавкат Мирзиёев кыргыз элине экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү сүйлөшкөн.