2021-жылы президенттик жана парламенттик шайлоолорго 850 миллион сом талап кылынат

2021-жылы президенттик жана парламенттик шайлоолорго 850 миллион сом талап кылынат. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирди.

 

Анын айтымында, бул каражат кийинки жылдын бюджетине киргизилген эмес. Анткени, эки шайлоо тең пландаштырылган эмес. Президенттик шайлоолор мөөнөткө чейин болуп атса, Жогорку Кеңеш депутаттары быйыл шайланмак. Андыктан, башка каржы булактарын табуу керек, — деди Новиков.