Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп Ализа Солтонбекова дайындалды

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп Ализа Солтонбекова дайындалды. Анын талапкерлиги премьер-министр тарабынан сунушталып, парламентте колдоо тапты.

 

Солтонбекова 2018-жылдан бери эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп эмгектенген. Ал эми буга чейинки министр Улукбек Кочкоров өз каалоосу менен иштен кеткен.