Дүйнөдөгү эң терең бассейн Польшада ачылды

Дүйнөдөгү эң терең бассейн Польшада ачылды. Анын кире бериши эле ондогон метр тереңдикти түзөт. Андан кийин акваланг менен киргендер суу алдынан байыркы храмдарды жана чөгүп кеткен кемелердин аралын көрө алат.   Спорт комплексте ошондой эле сууда сүзүү сабактары берилет. Баса, бассейндин тереңдиги 45 метрди түзөт.

Кыргызстандык мигранттар мекенине жыл башынан бери 1 миллиард 729 миллион доллар которду

Кыргызстандык мигранттар мекенине жыл башынан бери 1 миллиард 729 миллион доллар которду. Улуттук банктын маалыматына ылайык, бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, 463 миллион долларга аз.   Которуулардын басымдуусу, же 90 пайызы адаттагыдай эле, Россияда иштеген мигранттардан келди.

Кыргызстанда дагы 439 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 439 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 104, Ошто 57, Таласта 15, Чүйдө 39, Нарында 2, Ысык-Көлдө 42, Жалал-Абадда 83, Баткенде 84 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 57 миң 760ты түздү.

Аргентинада 3 күн аза күтүү жарыяланды

61 жашында легендарлуу футболчу Диего Марадона көз жумду. Чет элдик басылмалар билдиришкендей, буга анын жүрөк оорусу себеп болду. Аргентина эли көчөлөрдө чогулуп, мыкты оюнчунун өлүмүнө байланыштуу аза күтүүдө.   Аталган өлкөдө 3 күндүк аза күтүү күнү жарыяланды. Европа жана Чемпиондор лигаларынын беттештери Марадонаны эскерүү менен… Кененирээк…

Ошто биринчи класстын окуучулары келе жаткан дүйшөмбүдөн тарта мектептерге кайтып келет

Ошто биринчи класстын окуучулары келе жаткан дүйшөмбүдөн тарта мектептерге кайтып келет. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан эске салышты. Мындай чечим шаардагы эпидемиологиялык абал турукташып баштагандыктан кабыл алынды.   Андан тышкары, жеке бала бакчалар дагы ачылат. Ал эмт мамлекеттик бала бакчалардын ачылышына уруксат берилген жок.

Улуттук банк кезектеги ирет эл аралык валюта рыногуна чыкты

Улуттук банк кезектеги ирет эл аралык валюта рыногуна чыкты. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, сегизинчи интервенцияда сомду колдоо максатында 3 миллион 100 миң доллар сатылды.   Доллар курсунун серпилүүсү 2 айдан бери уланууда. Бирок Улуттук банктын аракеттери жыйынтык бере элек. Учурга карата ордо калаанын акча… Кененирээк…

Бишкекте экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар объектилерин ачууга даярдык көрүлүүдө

Бишкекте экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар объектилерин ачууга даярдык көрүлүүдө. Мэриядан билдиришкендей, 1-декабрдан тарта кинотеатр жана фудкортторду ачуу пландалууда.   Башкы талап – санитардык нормалар сакталып, отургучтар ортосундагы коопсуз аралык сакталышы кажет. Ордо калаа бийлиги ошондой эле, театрларды ачуу суроосун карап жатат. Күн тартибине компьютер клубдарынын… Кененирээк…

Индияда эркек дүйнөлүк рекорд жаратты

Индияда эркек дүйнөлүк рекорд жаратты. Ал бөтөлкөлөрдүн пробкаларын ачууда чеберчилик көрсөтө алды. Бирок аларды кадимки жол менен эмес, башы менен ачты.   Жыйынтыгында, эркек 1 мүнөттө 68 бөтөлкөнү капкагы жок калтырды. Рекорд Гиннес китебине катталды.

Бишкекте №5 мектеп-лицейдин кошумча корпусунун курулушу уланууда

Бишкекте №5 мектеп-лицейдин кошумча корпусунун курулушу уланууда. Мамлекеттик курулушу жана архитектура кызматынан билдиришкендей, имарат                 50 пайызга даяр. Корпус 225 окуучуга чакталат.   Ведомстводон белгилешкендей, республика боюнча 27 мектеп жана кошумча корпустар курулууда. Иштерди Сауд өнүктүрүү фонду каржылап жатат.

Ысык-Көлдө кышкы туристтик сезондо коомдук коопсуздукту 250 милиция кызматкери камсыздайт

Ысык-Көлдө кышкы туристтик сезондо коомдук коопсуздукту 250 милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу novosti.kgге облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.   Андан такташкандай, адаттагыдай, өзгөчө көңүл Каракол шаарына жана Ак-Суу районуна бөлүнөт. Бул жерлерде кышкысын туристтердин саны көп болот. Белгилеп кетсек, кышкысын Ысык-Көлдө ден-соолукту чыңдоочу жайлар жана… Кененирээк…