Токио Олимпиадасынын чыгымдары көбөйдү
Токио Олимпиадасынын чыгымдары көбөйдү. “Йомиури” басылмасы уюштуруучуларга шилтеме берип жарыялагандай, жалпысынан кошумча чыгаша 2 миллиард долларга жетет. Бул кызматкерлерге кошумча айлык акы төлөө, колдонулбай калган билеттерди кайтаруу системасын түзүү сыяктуу иштер жана башкаларга байланыштуу. Ушуну менен массалык иш-чаранын жалпы бюджети дээрлик 13 миллиардды түзүп калат.