Токио Олимпиадасынын чыгымдары көбөйдү.
“Йомиури” басылмасы уюштуруучуларга шилтеме берип жарыялагандай,
жалпысынан кошумча чыгаша 2 миллиард долларга жетет. Бул кызматкерлерге
кошумча айлык акы төлөө, колдонулбай калган билеттерди кайтаруу системасын түзүү
сыяктуу иштер жана башкаларга байланыштуу. Ушуну менен массалык иш-чаранын
жалпы бюджети дээрлик 13 миллиардды түзүп калат.