Мамлекеттик салык кызматынын бөлүмүндө чыккан өрттөн жабыркагандар катталган жок

Мамлекеттик салык кызматынын бөлүмүндө чыккан өрттөн жабыркагандар катталган жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкектеги Октябрь райондук

башкармалыгынын имаратынын кире бериш чатырчасы күйүп кетти. Тилсиз жоо кечээ таңда

имаратка жалгашып курулган күзөтчү отурган күркөдөн чыкты. Чектөөгө алуу үчүн куткаруу кызматынын

эки бөлүмү тартылды. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип, келтирилген чыгым эсептелүүдө.