Күч түзүмдөрүнүн ишин координациялоо үчүн Ички иштер министрлигинде  10 ыкчам штаб түзүлдү

Күч түзүмдөрүнүн ишин координациялоо үчүн Ички иштер министрлигинде  10 ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Улан Ниязбеков билдирди.   Анын айтымында, бүгүнкү күндө добуш берүү учурунда коомдун коопсуздугун камсыздоо үчүн комплекстүү чаралар көрүлүүдө. Алсак, 10-январда коомдук тартипти 11 миң милиция кызматкери камсыздайт. Ал эми… Кененирээк…

Бишкекте 120 Аяз атанын катышуусунда Жаңы жылдык флешмоб өттү

24-декабрда Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында 120 Аяз атанын катышуусунда флешмоб өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, иш-чарага вице-мэр Айжан Чыныбаева дагы катышкан.   «Флешмоб 120 Аяз атанын катышуусунда өттү. Бул жылы салтка айланган мэрдин жаңы жылдык балатысы өткөрүлбөйт. 1 миң 500 балага мэрдин… Кененирээк…

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустардын күчөшү декабрдын аягы, январдын башына туура келет

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустардын күчөшү декабрдын аягы, январдын башына туура келет.   Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда жумасына орточо эсеп менен  2,5 миңдей учур катталып жатат.   Вирустардын туу чокусу декабрь-январга туура келет. Ооруну жугузуп албаш үчүн имунитетти туура тамак, мөмө-жемиштер… Кененирээк…

Икер Касильяс  «Реал Мадрид» клубуна кайтып келди

Легендарлуу испаниялык дарбазачы Икер Касильяс  «Реал Мадрид» клубуна кайтып келди. Маалыматка ылайык, 39 жаштагы голкипер «Реал Мадрид» клубунун Фондунун башкы директорунун жардамчысы болуп дайындалды.   Икер Касильяс — «Реал Мадриддин» тарбиялануучусу. Ал бул клубда 17 жыл ойноп, андан кийин Португалиянын «Порту» клубуна өткөн.

Екатеринбургда кыргыз адабиятынын бурчу ачылат

Екатеринбургдун Китепкана борборунда кыргыз адабиятынын бурчу ачылат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.   КРдин Башкы консулдугу менен аталган борбордун жетекчилиги эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы маданий, гуманитардык жана маалыматтык байланыштарды өнүктүрүү боюнча кызматташуу келишимине кол коюшту. Чечим Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын алкагында кабыл алынды.… Кененирээк…

Дүйнөдө биринчи жолу башкаруучусу жок электричка Японияда жүрүп баштады

Дүйнөдө биринчи жолу башкаруучусу жок электричка үлгүлтүксүз каттамдарын жүргүзүп баштады. Мындай ачылыш Японияда жетишилгенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.   Электричка Фукуока-Кюсю багытында негизги жол менен жүрүп, жол чырактарда токтойт. Алгачкы каттамдарда ар кандай кырдаалды алдын алуу үчүн ичинде машинист болот. Андан кийин гана толугу… Кененирээк…