Күч түзүмдөрүнүн ишин координациялоо үчүн Ички иштер министрлигинде  10 ыкчам штаб түзүлдү

Күч түзүмдөрүнүн ишин координациялоо үчүн Ички иштер министрлигинде  10 ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Улан Ниязбеков билдирди.

 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө добуш берүү учурунда коомдун коопсуздугун камсыздоо үчүн комплекстүү чаралар көрүлүүдө. Алсак, 10-январда коомдук тартипти 11 миң милиция кызматкери камсыздайт. Ал эми трассаларда кыймылды   1 миңдей кайгуул милиция өкүлдөрү тескейт.