Дүйнөдө биринчи жолу башкаруучусу жок электричка Японияда жүрүп баштады

Дүйнөдө биринчи жолу башкаруучусу жок электричка үлгүлтүксүз каттамдарын жүргүзүп баштады. Мындай ачылыш Японияда жетишилгенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.

 

Электричка Фукуока-Кюсю багытында негизги жол менен жүрүп, жол чырактарда токтойт. Алгачкы каттамдарда ар кандай кырдаалды алдын алуу үчүн ичинде машинист болот. Андан кийин гана толугу менен башкаруучусуз режимге өткөрүү пландаштырылууда.

 

Японияда башкаруучусуз электричкалардын ишке киргизилиши айдоочулардын жетишсиздигинен улам келип чыккан. Келечекте мындай транспорттордун Япониянын бардык булуң-бурчунда жүрө тургандыгы айтылат.