Бишкекте 120 Аяз атанын катышуусунда Жаңы жылдык флешмоб өттү

24-декабрда Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында 120 Аяз атанын катышуусунда флешмоб өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, иш-чарага вице-мэр Айжан Чыныбаева дагы катышкан.

 

«Флешмоб 120 Аяз атанын катышуусунда өттү. Бул жылы салтка айланган мэрдин жаңы жылдык балатысы өткөрүлбөйт. 1 миң 500 балага мэрдин белектери облустук билим берүү борборлору аркылуу берилет», — деп жазылат билдирүүдө.