Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустардын күчөшү декабрдын аягы, январдын башына туура келет

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустардын күчөшү декабрдын аягы, январдын башына туура келет.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда жумасына орточо эсеп менен  2,5 миңдей учур катталып жатат.

 

Вирустардын туу чокусу декабрь-январга туура келет. Ооруну жугузуп албаш үчүн имунитетти туура тамак, мөмө-жемиштер менен бекемдеп, жеке гигиенаны сактап, эл көп чогулган жерлерден оолак болуу сунушталат.