Легендарлуу испаниялык дарбазачы Икер Касильяс «Реал Мадрид» клубуна кайтып келди. Маалыматка ылайык, 39 жаштагы голкипер «Реал Мадрид» клубунун Фондунун башкы директорунун жардамчысы болуп дайындалды.
Икер Касильяс — «Реал Мадриддин» тарбиялануучусу. Ал бул клубда 17 жыл ойноп, андан кийин Португалиянын «Порту» клубуна өткөн.