Бишкекте 10 миң балага жаңы жылдык белектер берилет

Бишкекте 10 миң балага жаңы жылдык белектер берилет. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана 26 өкмөттүк эмес уюмда тарбияланып жаткан турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга таттуулар тапшырылат. Бул үчүн калаа бюджетинен 578 миң сом бөлүнүп берилди. Белгилеп кетсек, быйыл жаңы жылдык балаты адаттагыдай… Кененирээк…

70 студентке президенттик стипендия берилди

70 студентке президенттик стипендия берилди. Өлкө башчы аппаратынын маалымат бөлүмүнөн билдиришкендей, билими менен өзгөчөлөнгөн студенттерге акчаларды президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов тапшырды. Белгилеп кетсек, президенттик стипендияга 2019-20-окуу жылынын жыйынтыгы менен 29 жогорку окуу жайынын студенттери ээ болду. Бул максатта 3,5 миллион сом бөлүнгөн.

Пандемияга байланыштуу түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушу өз  графигинен кечигип жатат

Пандемияга байланыштуу түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушу өз  графигинен кечигип жатат. Унаа жаан жолдор министри Бакыт Бердалиев билдиргендей, каражат бөлүү жагында маселе жаралган жок. Чек аралар жабык болгондуктан, жол кура турган 500 адис мартта эмес сентябрда келишти. Негизинен жер тегиздөө жумуштары аткарылды. 1 жана 2-фазанын алкагында… Кененирээк…

Кыргызстанга коронавирустун жаңы штаммын киргизбөө үчүн мамлекеттик органдарга тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди

Кыргызстанга коронавирустун жаңы штаммын киргизбөө үчүн мамлекеттик органдарга тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Профилдик ведомстволор вирусту аныктоо жана аны дарылоо маселеси боюнча башка өлкөнүн органдары менен тыгыз байланышта болушу шарт. Андан тышкары, чек араларда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Кыргызстанда доллар кайрадан арзандап жатат

Кыргызстанда доллар кайрадан арзандап жатат. Valuta.kg порталындагы маалыматка ылайык, ордо калаанын акча алмаштыруу жайларында доллар 81 сом 60 тыйындан сатылып алынып,  кайра 82 сом 20 тыйындан сатылууда.   Ал эми банк менен акча алмаштыруучу жайларда ар кандай көрсөткүчтөр болууда. Эске салсак, 85 сом көрсөткүчүндө кармалып… Кененирээк…

Эгер референдум өтпөй калса, кайра добуш берүү болбойт

Эгер референдум өтпөй калса, кайра добуш берүү болбойт.   Бул тууралуу   24 агенттигине БШК мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди. Анын айтымында, шайлоочулардын саны 30 пайыздан ашпай калса, анда жалпы элдик добуш берүү өткөн жок деп табылат. Ушундай эле эреже бюллетендерде “баарына каршы” деген добуш көп тандалса… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 307 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 307 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 95, Ошто 46, Чүйдө 59, Таласта 14, Нарында 11, Ысык-Көлдө 35, Жалал-Абадда 27, Баткенде 20 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен жалпысынан өлкөдо 74 миң 177 адам коронавирусту жеңди.

Данияда сууда сүзүүчү бир дем менен 202 метр сүздү

Данияда сууда сүзүүчү бир дем менен 202 метр сүздү. Дүйнөлүк рекорд Мексиканын жээктеринде орнотулду. Эркек фридайвинг боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону. Андан тышкары, ал йога чебери болгондуктан, чоң аралыкты бир дем менен сүзө алды.   Дүйнөлүк пресса рекордчуну “Дем албаган адам” деп аташты.

Кара-Кулжа районунда жаңы бала бакча ачылды

Кара-Кулжа районунда жаңы бала бакча ачылды.   Бул тууралуу Турмуш агенттиги өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө шилтеме келтирип билдирет. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси Көк-Арт айылында жайгашып, 60 орунга чакталат.   Долбоордун сметалык баасы 15 миллион сомду түзөт.

Непалда жүргүнчүлөрү менен учак адашып, башка шаарга келип конду

Непалда жүргүнчүлөрү менен учак адашып, башка шаарга келип конду. Аба кемеси Джанакпур шаарына келмек, бирок ал Покхара калаасында конгон. Калк жашаган түйүндөр болсо бири биринен дээрлик 400 чакырым алыс жайгашкан.   Жүргүнчүлөр учактан башка аэропорттон чыгып калганда гана башка шаарга келгенин билишти. Бирок маселе чечилип,… Кененирээк…