Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 24 миллиард 721 миллион сом жумшалды

Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 24 миллиард 721 миллион сом жумшалды. Каржы министрлигинин  маалыматына караганда, ички бересеге көбүрөөк сумма багытталса, азыраагы тышкы карызга жумшалды. Аталган сумманын 18 миллиарды бересенин негизги суммасын жабууга кетсе, калган бөлүгү пайыз катары төлөндү. Белгилеп кетсек, алгач бул… Кененирээк…

Кыргызстанда кийинки жылы эки ири завод ишке кирет

Кыргызстанда кийинки жылы эки ири завод ишке кирет. Бул тууралуу Өнөр-жай жана энергетика мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди. Анын айтымында, Кеминде 1 миң жаңы жумуш ордун түзгөн цемент өндүрүүчү ишкана курулуп жатат. Ошондой эле Чүй облусунун Панфилов районунда негизги металлды кара иштетүүчү жана аны… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 294 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 294 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, сакайгандардын басымдуу бөлүгү Бишкекке, Чүй жана Ысык-Көл облустарына туура келет. Ушуну менен өлкө боюнча 75 миң 918 адам ковидди жеңип чыкты.

Кыргызстанга чет элдик донорлордон акчанын келиши төмөндөдү

Кыргызстанга чет элдик донорлордон акчанын келиши төмөндөдү. Өкмөттөн билдиришкендей өлкө бийлиги пандемия башталгандан бери чет элдик банктардан 774 миллион 432 миң доллар алууга макулдашкан. Сумманын 346 миллион 800 миң доллар келди. Андан тышкары дагы 427 миллион 600 миң доллар алынары күтүлүүдө. Сумманын басымдуу бөлүгү насыя… Кененирээк…

1-январдан тартып «Торугарт» менен «Эркеч-Там» көзөмөл-өткөрүү бекеттери жабылат

1-январдан тартып «Торугарт» менен «Эркеч-Там» көзөмөл-өткөрүү бекеттери жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, бул жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу. «Эркеч-Там» бекетинен унаалар 2-январдан тартып кайра өткөрүлө баштаса, «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү түйүнүнүн иши 4-январда жанданат. Белгилеп кетсек, эки түйүн тең өзгөчө алгоритм менен иштеп жатат. Анда Кытайдан Кыргызстанга… Кененирээк…

2021-жылдан тартып Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина чыгарылат

2021-жылдан тартып Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина чыгарылат. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, россиялык 500 миң доза вакцина алуу менен катар аны өндүрүү пландалууда жана макулдашуу Россиянын саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко менен жетишилди. Белгилеп кетсек, КОВИДге каршы “Спутник V” вакцинасын Россия өндүрүп жатат. Аны… Кененирээк…

Бишкек мэриясы кийинки жылы жаңы конуштарды өнүктүрүүгө басым жасайт

Бишкек мэриясы кийинки жылы жаңы конуштарды өнүктүрүүгө басым жасайт. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирет. Анын айтымында, 2021-жылы жаңы конуштардагы жол, канализация жана электр жарыгы маселелери чечилет. Ошондой эле  ордо калаада бир топ социалдык объектилер курулат. Бул багытта чет элдик донорлор менен сүйлөшүүлөр… Кененирээк…