Бишкек мэриясы кийинки жылы жаңы конуштарды өнүктүрүүгө басым жасайт.
Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирет.
Анын айтымында, 2021-жылы жаңы конуштардагы жол, канализация жана
электр жарыгы маселелери чечилет. Ошондой эле ордо калаада бир топ
социалдык объектилер курулат. Бул багытта чет элдик
донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.