1-январдан тартып «Торугарт» менен «Эркеч-Там» көзөмөл-өткөрүү бекеттери жабылат.
Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, бул жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу.
«Эркеч-Там» бекетинен унаалар 2-январдан тартып кайра өткөрүлө баштаса, «Торугарт»
көзөмөл-өткөрүү түйүнүнүн иши 4-январда жанданат. Белгилеп кетсек, эки түйүн тең
өзгөчө алгоритм менен иштеп жатат. Анда Кытайдан Кыргызстанга гана жүктөр өткөрүлүүдө.