Кыргызстанга чет элдик донорлордон акчанын келиши төмөндөдү

Кыргызстанга чет элдик донорлордон акчанын келиши төмөндөдү.

Өкмөттөн билдиришкендей өлкө бийлиги пандемия башталгандан бери

чет элдик банктардан 774 миллион 432 миң доллар алууга макулдашкан.

Сумманын 346 миллион 800 миң доллар келди. Андан тышкары дагы

427 миллион 600 миң доллар алынары күтүлүүдө. Сумманын басымдуу бөлүгү

насыя түрүндө болсо, азыраагы грант катары берилмек. Бирок

макулдашылган каражаттын келиши октябрь айынан кийин кескин азайды.