Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 24 миллиард 721 миллион сом жумшалды

Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 24 миллиард 721 миллион сом жумшалды.

Каржы министрлигинин  маалыматына караганда, ички бересеге көбүрөөк сумма багытталса, азыраагы тышкы

карызга жумшалды. Аталган сумманын 18 миллиарды бересенин негизги суммасын жабууга кетсе,

калган бөлүгү пайыз катары төлөндү. Белгилеп кетсек, алгач бул максатка 28 миллиард 800 миллион сом

багыттоо пландалган. Бирок доллар курсунун көтөрүлүшү жана башка себептерден улам сумма азайтылды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 616 миллион долларды түзөт.