2021-жылга карата республикалык жана эл аралык негизги мелдештердин календардык планы бекитилди.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 2021-жылы кыргызстандык атлеттер
спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, олимпиадалык эмес жана улуттук спорттун түрлөрү боюнча
жалпысынан 300гө жакын мелдешке катышат. Анын катарында Токио олимпиадасы,
Дүйнө чемпионаттары, Көчмөндөр оюндары сыяктуу ири мелдештер бар.