“Реал Мадрид” мөөнөттөн мурда Испания чемпиону аталды

“Реал Мадрид” мөөнөттөн мурда Испания чемпиону аталды. Биринчиликтин алкагында “Реал Мадрид” өз үйүндө “Вилльяреал” клубун кабыл алды. Оюн  3:1 эсебинде талаа ээлеринин жеңиши менен аяктады.

 

Бул көрсөткүч менен Зинедин Зидандын командасы Ла Лигада 86 упай топтоп, мөөнөтүнөн мурда чемпион болду. “Реал Мадрид” өз тарыхында 34-жолу Ла Лиганы жеңип алды. Акыркы жолу команда 3 жыл мурда чемпион аталган.