Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүктөр арзан баада сатылат.
Айыл-чарба министрлигинен билдиришкендей, ишемби, жекшемби күндөрү
кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт. Ал 12 кичирайондогу Түштүк
магистраль — Нуркамал Жетикашкаев көчөлөр кесилишинде уюштурулат.
Андан жарандар эт, жашылча, сүт азыктарын дүң баада сатып алса болот.