Эң мыкты футбол дарбазачылары аныкталды

Эң мыкты футбол дарбазачылары аныкталды. Англиялык “FourFourTwo” басылмасы түзгөн рейтингдин сап башында “Атлетико Мадрид” клубунун   27 жаштагы дарбазачысы Ян Облак турат.

 

Экинчини Бразилия курамасынын жана “Ливерпулдун” дарбазачысы Алиссон Бекер ээлесе, үчүнчү орунга Германия курамасынын жана “Барселонанын” голкипери Марк-Андре тер Стеген жайгашты.

 

Ондукта ошондой эле Тибо Куртуа, Кейлор Навас, Петер Гулачи, Мануэль Нойер жана Давид де Хеа бар.