2021-жылы Түркияда эс алуунун баасы кымбатташы ыктымал

2021-жылы Түркияда эс алуунун баасы кымбатташы ыктымал.

Жергиликтүү бийлик органдары түшүндүрүшкөндөй,  бул – пандемиядан улам,

чет элдик туристтерди кабыл алган мейманканаларга атайын коопсуздук сертификатын алуу

талабы коюлгандыктан. Талап 30дан ашык бөлмөсү бар мейманканалардын барына тиешелүү.

Күтүлгөндөй, өтө кымбат эмес мейманканалар бардык талапка жооп берүү үчүн каражат коротушу керек.

Кийин ал акчаны кардарлардан өндүрүп алат. Белгилеп кетсек, кыргызстандыктардын

көпчүлүгү эс алууга Түркия, Египет, Бириккен Араб Эмирлиги өлкөлөрүнө барышат.