Нидерландыда чаң басып жаткан ваза 11,5 миллион долларга бааланды.
Өлкөнүн алыскы айылдарында жашаган улгайган аял искусство таануучуну
чакырып шкафта сакталып турган эски вазага баа коюп берүүсүн суранган.
Фарфор ваза 18-кылымда Кытайдын Цин династиясындагы чыгыш керамикасын жыйнаган
коллекционер Гарри Граднерге таандык болгон. Анын баасы аукциондо
9 миллион доллардан башталып, 11,5 миллион долларга жеткен.