Перу бийлиги тургундарды коомдук жайларда дароо эки беткап кийүүгө милдеттендирди

Перу бийлиги тургундарды коомдуу жайларды дароо эки беткап кийүүгө милдеттендирди. Жаңы эреже соода борборлоруна, дүкөндөргө, супермаркеттерге, базарларга, дарыканаларга тиешелүү.

 

Андан тышкары, бул жерлерде көздү коргоочу атайын экрандарды дагы кийиш керек болот. Буга чейин Перунун ден-соолук институтунун окумуштуулары бир учурда медициналык жана кездеме маскасын тагынуу коронавирустан коргонуу көрсөткүчүн 78 пайызга жогорулатат деп жарыялашкан.