Шайлоо тилкелеринде 5 миң медицина кызматкери нөөмөттө турду

Шайлоо тилкелеринде 5 миң медицина кызматкери нөөмөттө турду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, ар бир участокко эки смен менен экиден медицина кызматкери бекитилген.   Андан тышкары, стационарларда кошумча орундар түзүлгөн.

Каракол шаарында тез тамактануучу жайдан чыккан өрткө газ баллондун жарылышы себеп болгон

Каракол шаарында тез тамактануучу жайдан чыккан өрткө газ баллондун жарылышы себеп болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кырсык кечээ күндүзгү саат 3тө катталып, жерине 1 өрт өчүрүү бригадасы тартылды.   Жарылуудан 1 адам каза тапты, 6 адам ар кандай жарааттары менен ооруканага… Кененирээк…

Шайлоо учурунда 7 кылмыш иши козголду

Шайлоо учурунда 7 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди. Анын айтымында, шайлоо өнөктүгү маалында 78 мыйзам бузуу катталып, 71и боюнча жеринен чечим чыкты. Жети кылмыш иши козголду.   Коомдук коопсуздукту республика боюнча 11 миң милиция кызматкери камсыздады.

Тесла компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск  болгон мүлкүн сатып, Марста жайгашууну пландап жатат

Тесла компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск  болгон мүлкүн сатып, Марста жайгашууну пландап жатат.   Business Insider басылмасы жазгандай, ишкер Кызыл планетада шаар куруу ниетинде, бирок буга көп суммадагы каражат керектелет, андыктан, ал мүлкүн сатып баштады.   Белгилеп кетсек, буга чейин эле Илон Маск дүйнөнүн эң бай… Кененирээк…

18 миң 605 кыргызстандык шайлоо тилкелеринен эмес, башка жерден добуш берди

18 миң 605 кыргызстандык шайлоо тилкелеринен эмес, башка жерден добуш берди. Ал эми атайын арызды 21 миң 433 жаран тапшырган болчу. БШК маалыматына ылайык, 2 миң 828 адам арыз берип, бирок добуш берүүдөн баш тартты.   Белгилеп кетсек, көчмө добуш берүү 9-январда өттү. Шайлоо тилкелеринен… Кененирээк…

Кыргызстанда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкарууну аныктоо боюнча референдум өттү

Кыргызстанда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкарууну аныктоо боюнча референдум өттү. Добуш берүүчүлөрдүн 38,9 пайызы шайлоолорго катышты. Түнкү 12ге карата эсептелген маалыматка ылайык, добуштардын 79 пайызын Садыр Жапаров чогултту.   Экинчи орунда 6,68 пайыз менен Адахан Мадумаров. Бул добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү урналардагы маалымат.   Эми… Кененирээк…