Каракол шаарында тез тамактануучу жайдан чыккан өрткө газ баллондун жарылышы себеп болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кырсык кечээ күндүзгү саат 3тө катталып, жерине 1 өрт өчүрүү бригадасы тартылды.
Жарылуудан 1 адам каза тапты, 6 адам ар кандай жарааттары менен ооруканага жеткирилди.
Алардын абалдары канааттандыраарлык деп бааланууда. Окуянын чоо-жайы такталып жатат.