Шайлоо күнү БШКнын чалуу борборуна 580 кайрылуу түштү
Шайлоо күнү БШКнын чалуу борборуна 580 кайрылуу түштү. Комиссиядан билдиришкендей, жалпысынан 4-9-январь аралыгында 1 миң 255 чалуу катталды. Жарандар добуш берүүгө байланыштуу ар кандай суроолору менен адистерге кайрылды. Кечээ Кыргызстанда мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор жана мамлекеттик башкарууну аныктоо боюнча референдум өттү.