Кыргызстанда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкарууну аныктоо боюнча референдум өттү

Кыргызстанда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкарууну аныктоо боюнча референдум өттү. Добуш берүүчүлөрдүн 38,9 пайызы шайлоолорго катышты. Түнкү 12ге карата эсептелген маалыматка ылайык, добуштардын 79 пайызын Садыр Жапаров чогултту.

 

Экинчи орунда 6,68 пайыз менен Адахан Мадумаров. Бул добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү урналардагы маалымат.

 

Эми шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуштарды кол менен эсептеп чыгат. Ал эми референдумда шайлоочулардын 81 пайызы президенттик башкарууну  тандады.