18 миң 605 кыргызстандык шайлоо тилкелеринен эмес, башка жерден добуш берди. Ал эми атайын арызды 21 миң 433 жаран тапшырган болчу. БШК маалыматына ылайык, 2 миң 828 адам арыз берип, бирок добуш берүүдөн баш тартты.
Белгилеп кетсек, көчмө добуш берүү 9-январда өттү. Шайлоо тилкелеринен эмес, башка жерден добуш берүү укугу алыскы аймактарда кызмат өтөп жүргөн аскерлерге, абакта отургандарга, ооруканада жаткандарга берилет.