Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында чачынды соода жүргүзгөндөргө чара көрүлө баштады

Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында чачынды соода жүргүзгөндөргө чара көрүлө баштады. Мэриянын маалыматына ылайык, текшерүү иштерин калаа башкармалыгынын өкүлдөрү жүргүздү. Анын алкагында, эл баса турган жолдордо ыңгайсыздык жараткандарга эскертүү берилип, уруксат берилбеген жайларда соода жүргүзүүгө тыюу салынды. Талаптар аткарылбаса административдик чаралар көрүлөт. Шаарды ирээтке келтирүү иштери… Кененирээк…

Бишкек – Кувейт – Бишкек аба каттамы ачылат

Бишкек – Кувейт – Бишкек аба каттамы ачылат. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, 4-февралдан тартып жаңы эл аралык аба жолдору уюштурула баштайт. Ошондой эле 2-февралдан баштап Кувейт-Ош-Кувейт багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдары жанданат. Макулдашуу эки өлкө өкүлдөрү ортосунда жетишилди

Ош жана Жалал-Абад облустарына тез жардам унаалары тапшырылды

Ош жана Жалал-Абад облустарына тез жардам унаалары тапшырылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, Оштун медициналык мекемелерине 26 жана Жалал-Абадга 11 атайын техника берилди. Унаалар Ислам, Азия өнүктүрүү жана Дүйнөлүк банктарынын линиясында сатып алынды. Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл облусуна дагы 9 тез жардам унаасы тапшырылган.