Ош жана Жалал-Абад облустарына тез жардам унаалары тапшырылды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, Оштун медициналык мекемелерине
26 жана Жалал-Абадга 11 атайын техника берилди. Унаалар Ислам, Азия өнүктүрүү жана
Дүйнөлүк банктарынын линиясында сатып алынды. Эске салсак,
буга чейин Ысык-Көл облусуна дагы 9 тез жардам унаасы тапшырылган.