Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында чачынды соода жүргүзгөндөргө чара көрүлө баштады

Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында чачынды соода жүргүзгөндөргө чара көрүлө баштады.

Мэриянын маалыматына ылайык, текшерүү иштерин калаа башкармалыгынын өкүлдөрү жүргүздү.

Анын алкагында, эл баса турган жолдордо ыңгайсыздык жараткандарга эскертүү берилип,

уруксат берилбеген жайларда соода жүргүзүүгө тыюу салынды. Талаптар аткарылбаса

административдик чаралар көрүлөт. Шаарды ирээтке келтирүү иштери уланууда.