Мектептерде балдарды жол кырсыктарынан коргоо боюнча иш-чаралар жандандырылды

Мектептерде балдарды жол кырсыктарынан коргоо боюнча иш-чаралар жандандырылды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кызматкерлер бекитилген мектептердин айланасында жол кыймылын көзөмөлдөп, окуучулар менен түшүндүрүү сабактарын өткөрүшөт. Ошондой эле окуучуларды жөө жүрүүчүлөр өтмөктөрүнөн коопсуз өткөрүү боюнча иштер аткарылууда

Бүгүн каттамга чыкпай койгон маршруттук унаалар айдоочуларынын лицензиясы алынат

Бүгүн каттамга чыкпай койгон маршруттук унаалар айдоочуларынын лицензиясы алынат. Бул тууралуу ордо калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Facebook баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, жол кирени дароо жогорулатуу мүмкүн эмес, алгач Экономика министригине маалымат жөнөтүлүп анализ чыгарылат. Андан кийин шаардык кеңештин кароосуна киргизилет. Маселе май… Кененирээк…

АКШда жаңы шайланган президенттин инаугурациясынын алдында коопсуздук чаралары күчөтүлдү

АКШда жаңы шайланган президент Джозеф Байдендин инаугурациясынын алдында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Ордо калаада Улуттук гвардиянын 20 миңден ашык аскери коопсуздукту камсыздайт. Мэриленд, Нью-Мексика жана Юта губернаторлору өзгөчө абал режимин жарыялашты. Капитолий зым менен коргондолуп жатат. Эске салсак, мындай чаралар 6-январда мөөнөтү аяктап бараткан президент Дональд… Кененирээк…

Бишкек – Исфана – Бишкек аба каттамы жанданды

Бишкек – Исфана – Бишкек аба каттамы жанданды. “Манас” аба майданынан билдиришкендей, бүгүнтөн тартып аба жолдору жумасына бир ирет, дүйшөмбү күнү аткарылат. Учак Бишкектен Исфанага чейин 1 саат 15 мүнөттө жетет. Эске салсак, “Исфана”  аба майданынын учуп-конуу тилкеси оңдоодон өттү, учактар токтогон жер кеңейтилди. Жаңыланган… Кененирээк…

Бишкекте маршруттук унаалар кадимки режимде иштеп жатат

Бишкекте маршруттук унаалар кадимки режимде иштеп жатат. novosti.kgге шаардык унаа башкармалыгынын мониторинг жүргүзүү бөлүм боюнча башчысы Максат Турдугулов билдиргендей, бүгүн ордо калаа көчөлөрүндө каттамдарды жүргүзүү үчүн чыккан ашык маршруттук унаалардын саны 1 миңден ашык. Бул жалпы көрсөткүчтөн 300гө азыраак. Ошондой эле 100 автобус жана 138… Кененирээк…

673 миң кыргызстандык 3 айга насыя пайыздарын төлөөдөн бошотулат

673 миң кыргызстандык 3 айга насыя пайыздарын төлөөдөн бошотулат. Кеп, 100 миң сомго чейин ссуда алгандар тууралуу болуп жатат. Каржы министри Кыялбек Мукашев билдиргендей, ведомство пайыздарды бүгүнтөн тартып төлөй баштайт. Министрлик кредиттик компаниялардын декабрдагы чыгашасын январда, январдыкын февралда, февралдыкын мартта төлөп берет. Бул максатта жалпысынан… Кененирээк…

Референдум боюнча бюллетендерди кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы чыкты

Референдум боюнча бюллетендерди кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы чыкты. БШКдан билдиришкендей, өлкө боюнча 2 миң 474 шайлоо тилкесинен протоколдор келип, анын үчөөндөгү добуш берүү жокко чыгарылды. Бирок себеби айтылган жок. Жыйынтыгында башкаруу формасын аныктоо боюнча өткөн референдумда добуш бергендердин 81,5 пайызы президенттик башкаруу формасын тандады. Ал… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун тез жардам бөлүмдөрүнө 11 жаңы унаа тапшырылды

Жалал-Абад облусунун тез жардам бөлүмдөрүнө 11 жаңы унаа тапшырылды. Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, атайын техникалар Дүйнөлүк жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилген гранттын эсебинен алынды. Техникалар муктаждыкка жараша бөлүштүрүлдү. Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл облусуна 9 жана Ош облусуна 26 тез жардам унаалары тапшырылган.

Бишкектин мектептеринде салттуу негизде билим берүү бүгүнтөн тартып жанданат

Бишкектин мектептеринде салттуу негизде билим берүү бүгүнтөн тартып жанданат. Бүгүнтөн тарта салттуу режимдеги окууга 1-5-9-11-класстын окуучулары кайтып келет. Балдар 2 смен менен окуп, парталарга шахмат тартибинде отургузулат. Мындай форматтагы окуу 1-февралга чейин уланат. Эгер шаарда эпидемиологиялык абал туруктуу бойдон калса, анда бардык класстын окуучулары мектепке… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн такы саат 9дан кечки саат 6га чейин Патриса Лулумба, Волков, Жантөшев, Жукеев Пудовкин, Токтогул, Шопоков, Москва, Гоголь, Сүйүмбаев көчолөрүнүн бир бөлүгүндө, Ак-Босого, Ынтымак, Келечек, Ак-Ордо конуштарында электр энергиясы жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу